Сүрөт: Максат айылындагы мектепти гранатамет талкалаган

Баткендеги Максат айылындагы бала бакчаны танкалык снаряд келип талкаласа, мектепке гранатамет келип түшүп, талкалаган.

Учурда журналисттер менен бирге элчи, консулдук кызматкерлер Баткендеги жабыркаган имараттар менен таанышып жатышат.

Аталган айылдык инфраструктурасынын басымдуу бөлүгү талкаланган. Аларды кайра тургузуу жагы, ага канча чыгым кетет такталып жатат.

WhatsApp Image 2022 09 22 at 10.16.25 Сүрөт: Максат айылындагы мектепти гранатамет талкалаган