Адылбек Бийбосунов Лейлек райондук милициясына бир катар тапшырмаларды берди

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек, Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында кайгулдоо иштерин жүргүзүүгө тартылган кайгуул кызматтарын чогултуп, коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана учурдагы абалды турукташтыруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.


Ал жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ар бир кайрылган адамга ар тараптан жардам берүү керектигин баса белгиледи. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде калкка жардам көрсөтүү, арыздарды чечүү милициянын биринчи кезектеги милдети. Эл укук коргоо органдары аларга жардам берип, бардык аракетин жумшаарына ишениши керек.


Мындан тышкары, Лейлек районунун чек ара заставасында болуп, кырдаал жана мындан аркы биргелешкен пландар талкууланды.
Учурда биргелешкен кайгуул кызматтары коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча күнү-түнү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошондой эле, Баткен облусуна гуманитардык жардамдын сарамжалдуу жана туура бөлүштүрүлүшүнө көзөмөл жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.50.27 1 Адылбек Бийбосунов Лейлек райондук милициясына бир катар тапшырмаларды берди
WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.50.27 Адылбек Бийбосунов Лейлек райондук милициясына бир катар тапшырмаларды берди
WhatsApp Image 2022 09 22 at 07.50.26 Адылбек Бийбосунов Лейлек райондук милициясына бир катар тапшырмаларды берди

ИИМдин Басма сөз кызматы