Тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы 2022-жылдын 16-сентябры саат 10:15ке карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдайт.

Ок атышууну токтотуу жана чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында КР УКМКнын Чек ара кызматынын директору генерал-майор Уларбек Шаршеев менен Тажик Республикасынын УКМКсынын Чек ара аскерлигинин колбашчысы генерал-полковник Раджабали Рахмонали менен телефон аркылуу сүйлөштү. Жолугушуу уюштуруу үчүн саат 10:00дөн баштап ок атышпоо келишими түзүлдү.

Бирок тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын көздөй ок атууну токтотпой жатат.

Саат 8:30дан баштап КР УКМКнын Чек ара кызматы ок атышууну токтотууну жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууда. Бирок 8:30да да, 10:00дө да тажик тарап келишимдерди аткарган эмес.