Граната, минометтор жарылбай калууда. Этияттагыла!

Баткен тургундары тажик тараптан келген граната, минометтор жарылбай калганын билдирип жатышат.

“Кээ бир минометтор жерге түшүп жарылбай калып жатат, ошол себептен таштарды кою койдук, этият болуңуздар”,- дейт окуяга күбө болуп, үйүн таштап качып бараткан жаран.

Эске салсак, 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мащар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.