136 миңден ашуун киши эвакуацияланды

Саат 21:00гө карата Баткен облусу боюнча 136 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 16-сентябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик чек арачыларынын куралдуу кагылышуусунан улам жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, тургундарды эвакуациялоо башталган.

Калкты эвакуациялоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте убактылуу жайгаштыруу пункттары  ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо боюнча иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн унаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатышат.

Азыркы учурда алдын ала маалымат боюнча жалпы 136 миңден ашуун адам коопсуз аймакка эвакуацияланды. Алар: Баткен районунун, Баткен шаарынын, Лейлек районунун, Раззаков шаарынын тургундары.