Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 адам куткарылды

Бүгүн, 14-сентябрда Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, 3 адам куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 13:58де Биринчи май жана Свердлов райондук өрткө каршы куткаруу кызматынан 2 бөлүм тартылган.

“Саат 14:15тө өрт чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылып, 40 жаран эвакуацияланган”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такталууда.