Айсулуу Тыныбекова утулуп калды

Коло үчүн болгон кармашта ал украиналык Илона Прокопевнюк менен күч сынашты. Бул беттеште 7:8 эсебинде украиналык балбан жеңишке жетти. Бирок кармаштын соңку бөлүгүндө талаштуу учур жаралды. Эсеп 5:7 болуп украиналык балбан алдыда келе жаткан. Акыркы секунддарда Тыныбекова ыкма жасап, атаандашын килемге далысынан басууга аракет жасады.

Бирок калыс таза далыга басууну белгилеген жок. Жыйынтыгында убакыт бүтүп, беттеш 7:7 эсебинде аяктоо менен жеңиш украиналык балбан тарапта болду (украиналык балбан 4 упайлык ыкма жасап балл алган). Мындан улам Тыныбекова менен анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков челлендж сураганы менен видеокайталоо эч нерсени өзгөрткөн жок. Челлендж утулгандыктан Илона Прокопевнюкка дагы 1 упай берилди .

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер, аны менен бирге кыргызстандык балбандардын ичинде күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу. Ал Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону гана болбостон, бул наамга эки ирет татыган (2019 жана 2021-жыл). Андан тышкары ал 2017-жылы дүйнө чемпионатында коло уткан (58 кг).