Кыргыз-тажик чек арасында ок атылууда

Бүгүн, 14-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде согуштук позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

14-сентябрда саат 09:30га карата атуу маал-маалы менен болууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Баткен чек ара отрядынын башчысы окуя болгон жерге жөнөп кетти.