ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу боюнча күзгү кампаниясы ишке ашырылууда.

WhatsApp Image 2022 09 13 at 14.38.29 2 ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды


Үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу ишке ашырыла баштады. Аскерге жаңыдан чакырылгандар, аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Жаңы толуктоону аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышууда.


Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер Мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

WhatsApp Image 2022 09 13 at 14.38.29 ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды
WhatsApp Image 2022 09 13 at 14.38.28 1 ИИМдин Ички аскерлеринде күзгү чакыруу башталды

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы