Теңгиз Бөлтүрүктү Башкы прокуратур кармады

Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктү кармады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындан тышкары, камсыздоо боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева жана каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов кармалган.

«Кармалгандардын бардыгы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын ишин текшергенден кийин Башкы прокуратура үч кылмыш ишин козгогон.