Башкы прокуратура Теңгиз Бөлтүрүктү кармады

Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомундагы коррупциялык кылмыштар фактысы боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы убактылуу тышкы башкаруучу Бөлтүрүк Теңгиз Аяпберген уулу кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ошондой эле, жабдуу боюнча адис, каржы башкармалыгынын директору Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Тергөө улантылууда.