“Адам деген мен мамлекетим үчүн өлүп берем деп даяр болушу керек”, – Коргоо министри

Бүгүн, 13-сентябрда эл өкүлү Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында аскердик кызмат
өтөп жүрүп суицидге барган жоокерлер тууралуу Коргоо министринин маалыматын угуу
учурунда министр Бактыбек Бекболотовдун буга чейин айткан аскерге жоокерлер даярдыгы
жок келгендиктен өзүнө-өзү кол салып жатат деген билдирүүсүн сынга алды.


Токтошевдин жоокерлердин даярдыгы жок болсо аскерге албай эле койбойсуңарбы деген
соболуна жооп иретинде Коргоо министри “Сиз аскерде болдуңуз беле?” деп суроо узатты.
“Ал жерде даярдык деген – физикалык даярдыгы эмес, бул аң-сезимдин даярдыгы. Адам
деген мен мамлекетим үчүн өлүп берем деп даяр болушу керек.

А эгер аскерге баратканда
эле мен ошол жерден өлөм деп келсе, анда ошол жерден өлөт”,- деп жооп берди министр.


Бекболотов ошондой эле каза болгон жоокердин бирөө сүйлөшкөн кызына ызаланып өзүнө
кол салганын, ага министриликтин эч кандай күнөөсү жок экендигин кошумчалады.