Жапаров мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Кыргызнефтегаз» ААК 90 жылдыгы жана мунайгаз тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата өткөн салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы маалымдагандай, салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Мамлекет башчысы Кыргызстандын мунайгаз тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы жана өлкөнүн мунай табуу тарыхынын 90 жылдыгы менен куттуктады.

Садыр Жапаров мындан туура 90 жыл мурун 1932-жылы Чангыр-Таш мунай кенинде бургулоо иштери жүргүзүлүп, биринчи жолу 250 метр тереңдиктен өндүрүштүк мунай алынганын эске салды. Ошентип, өлкөбүздө мунай бар экени далилденип, ошол убактан баштап бул аймакта нефти өндүрүшүнө көңүл бөлүнө баштаган.

“Ар бир кесип ардактуу” дейт элибизде. Ошентсе да нефть жана газ өндүрүү тармагы өлкөбүздүн экономикалык кубаттуулугун бекемдөөгө салым кошо турган чоң тармак”, — деди ал.

Президент соңку жылдары өлкөбүздүн бардык тармактарында жүргүзүлүп жаткан реформалар ири компанияларда дагы уланып, натыйжалуу жылыштар байкалды.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын экономикалык жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жогорулап, мекеменин кирешеси соңку мезгилде бир нече эсеге көбөйгөндүгү буга мисал.

Бүгүнкү күндө «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому өлкөбүздүн мунай жана газ тармагындагы жалгыз өндүрүштүк ишкана экенин жалпыбызга жакшы маалым. Ошол эле учурда, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин киреше булактарын толуктоочу мекеме да болуп саналат. «Кыргызнефтегаз» мунай менен газды чалгындоодон баштап, өндүрүү, кайра иштетүү, алынган мунайзаттарын сатуу менен өндүрүштүн толук циклин өзүнө камтыган бирден бир ири мекеме», — деди ал.