Унаасын арты менен айдаган айдоочуга айып пул салынды

Айланма жолдо унаасын арты менен айдап, жол эрежесин бузган Chevrolet Tahoe унаасынын айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Мындан мурдаарак жергиликтүү ММКлардын биринде айланма жолдо унаасын тескери айдап бара жаткан айдоочунун видеосу тараган.