Чүйдө 15 жаштагы Азиза Галжигитова беш күндөн бери дайынсыз

Сокулук районунда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Азиза Галжигитова изделүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы маалымдады.

Маалыматка караганда, Галжигитова 5-сентябрда саат болжол менен 13:30да үйүнөн чыккан бойдон кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы кыска жана кара.

Кийими: ак түстөгү футболка, көк түстөгү джинсы шым, кара спорттук бут кийим.

“Азиза Галжигитованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо 0312 60-75-67, 0313 45-33-80, 0558 86-14-86 номерлерине кайрылсаңыздар болот”, — деп айтылат маалыматта.