Жогорку Кеңештин «Элдик» тобу менен «Альянс» фракциясы биргелешкен жыйын өтүп жатат

Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин «Элдик» тобу менен «Альянс» фракциясы биргелешкен жыйын өтүп жатат. Жыйында мигранттардын маселеси каралууда.

Бирок, Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин жыйынга келбегени эл депутаттарын нааразы кылды. Ал азыр башка иш-чарада жүргөнү айтылды.

«10 күндөн бери биз абдан маанилүү маселени кароого аракет кылып жатабыз, министрге өз сунуштарыбызды айталы деп жатабыз. Мен аны Москвада командировкада деп ойлогом. Бирок ал азыр мамлекеттик катчы менен жолугушууда экени белгилүү болду. Мамлекеттик катчы идеология менен алектенсе,

Кудайберген Базарбаевичтин иши эмгек, социалдык камсыздоо, миграция боюнча иштери бар. Байланыш кайда? Ал үчүн биздин жолугушуу маанилүүрөөк болушу керек. Жыйындын соңунда тиешелүү чечимдерди кабал алууга толук кошулам», — деди депутат Жанар Акаев.