Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 8-сентябрда мэр Эмилбек Абдыкадыров ушул жылдын июль айында үч эм (эки уул жана бир кыз) төрөлгөн үй-бүлөдөн кабар алды. Мэр үй-бүлөгө чың ден соолук, жакшылыктарды  каалап, 90 миң сомдук материалдык жардам тапшырды.

Эскерте кетсек, Нурзада Сатымкулова 27-июль күнү саат 18:15те шаардык перинаталдык борбордо көз жарган. Биринчи баланын салмагы 1995 гр, бою 45 см, экинчиси кыз 1990 гр, бою 45 см, үчүнчү эркек баланын салмагы 1885 гр, бою 44 см. Балдарга Айданек, Шыгай, Абай ысымдары коюлду.

bek 0266 Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү
bek 0355 Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү
bek 0286 Бишкек шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү

Маалымат үчүн:  Бишкек шаардык кеңешинин 2012-жылдын 12-июнундагы №316 «Аз камсыз болгон жана жеңилдик алган жарандарга социалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому менен бекитилген. «Бишкек шаарынын жашоочуларына жана жөлөкпул алууга укугу бар жарандарга даректүү социалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 22-беренесине ылайык, үч эм төрөлгөндө 900 эсептик көрсөткүчтө – 90 000 сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.