Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту

2022-жылдын 9-сентябрь күнү саат 10:00до Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту.


Андан сырткары Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зияйдин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты.
Жолугушуу Кара-Суу райондук мамлекеттик админстрациясынын жыйындар залында өттү. Жыйындын башталышында бийлик өкүлдөрү эл менен учурашып, жыйын эркин, суроо-жооп иретинде болоорун, жарандардын жеке маселелерине, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу кѳйгѳйлүү суроолорго жооп берип, жакындан кабар алуу максатында келишкендигин билдиришти.
Жыйындын жүрүшүндѳ Кара-Суу районунун жыйынга келишкен жашоочулары жеке маселелери боюнча суроолорун беришти.
Мындагы жашоочулар негизинен:

  • Райондун аймагындагы мыйзамсыз менчиктештирген жерлер боюнча юридикалык баа берүү;
  • Кара-Суу шаарындагы Тураталы базарындагы соода-түйүнүндѳгү талаш маселени чечүү;
  • Үлүш жерлердеги мыйзамсыз курулган турак-жайлар боюнча юридикалык баа берүү;
    -Жоош айылынан ѳткѳн сугат суу агып ѳтүүчү каналдын нугун бузуп мыйзамсыз курулуштун салынып жаткандыгы;
    -Райондун аймагында турак-жай үчүн бѳлүнгѳн бир жер тилкеге бир нече адамга токтом чыгаргандарга карата мыйзам чегинде чара кѳрүү;
    -Жеке ишкерлерге атаандаштык боюнча бирдей шарттарды түзүү (мал соючу жайларды иштеткендер);
  • Мүлк талаш маселелери боюнча каралаган иштер сот орагандары аркылуу кѳп жылга созулуп жаткандыгы;
  • Таза суу менен камсыз кылуу маселеси ж.б маселелер айтылды.
WhatsApp Image 2022 09 09 at 08.59.45 1 Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту

  • Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.
    Ал эми жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан терс маселе кѳтѳрүлгѳн жок. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди.
    Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн ыраачылык билдиришти.
    Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелери боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулуп жатат.

  • ИИМдин Басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2022 09 09 at 08.59.45 2 Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 09 at 08.59.45 Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту
WhatsApp Image 2022 09 09 at 08.59.46 Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Суу районунун жашоочулары менен жолугушту