УКМК диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаранды кармады

Кечээ, 8-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаранды кармады.

Ведомстводон билдиргендей, УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 2018-жылдан бери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ок-дарылар, чет мамлекеттин жаранынын мөөнөтү өтүп кеткен паспорту жана байланыш каражаттары табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ага карата тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

whatsapp image 2022 09 09 at 10 26 15 1 УКМК диний-экстремисттик идеологияны үгүттөгөн жана ок-дары сактаган чет элдик жаранды кармады