Илгиз Шаменов куугунтуктардан улам өлкөдөн чыгып кетти

Жеке ишкер, жарандык активист Илгиз Шаменов куугунтуктардан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон жазды.

«Себеби өмүрүмө, ден соолугума, эркиндигиме коркунучтар пайда болду, булардын куугунтугунун айынан төрөлө элек, 6 айлык курсактагы балам дагы чарчап калды. Москвадан жеке иштеримди бүтүрүп, полный курс лечение алып, кайра 10-14 күндүн аралыгында кайтып келем.

Бийлик, МВД мени качып кетти деп, дагы кара пиар кылып, өткөндөгүдөй гранатаны, өзүнө өзү койду деп. Боевой экен бирок жараксыз экен деп, элди алдап. Өзүңөрдүн фейк бригадаңар менен, дагы мени каралабагыла.
Тескерисинче күчтөнүп, дух алып, чыйралып Кудайым буюрса кайра кайтып келем»,-деп жазды Шаменов.

Эске салсак, Илгиз Шаменов Бишкектеги “Азия Молл” соода борборунан машинесинен жардыруучу зат табылды деп айтып чыккан.