Балбак Түлөбаев комитеттин төрагасынын орун басары болду

Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Добуш берүүнүн негизинде Түлөбаев тармактык комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.