Өзгөндө мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Өзгөн районунда мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-август күнү Өзгөн районунун Көлдүк айылынын тургуну 57 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал жашаган үйүнөн 110 миң сомдук бир баш мал жандыгын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Милициянын жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Өзгөн районунун аймагында малдарды уурдап жүрүшкөн жарандар кармалды.

Мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ төрт жарандан түзүлүп, анда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Өзгөн районун 40 жаштагы тургуну А.Д., ошондой эле жергиликтүү тургундар 35 жаштагы Р.К., 36 жаштагы Ж.Э., 31 жаштагы Б.уулу Э. болгон.

Кылмышка шектүүлөр мындан башка 7 уурулук фактыларына тиешеси бардыгы такталып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-берененин негизинде (Уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Учурда мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилип, тергөө ууланууда.