Бул тууралуу парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин отурумунда депутат Исхак Масалиев билдирди.
Комитеттин жыйында министрлер кабинетинин «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттарга сунушталган.
Депутат мыйзам долбоорундагы сунушталып жаткан айрым эрежелерди сынга алды.
«Автожолдо мал жаюуга тыюу салынат дейт. Жолго мал жайган адамды ким көрдү эле? Автожолдон кум казып алганга тыюу салынат деп турат. Бул эмне деген сөз? Жолдун жээгинде соода кылууга тыюу салынары айтылыптыр. Жолдун жээги деген түшүнүк каякта? Бул мыйзамды көчүрүп алып келгенсиздер. Окуган да эмессиздер. Жыгач кыртыштуу жолдордо от жагуу, тамеки чегүүгө салынат деп жазылыптыр. Каяктагы норма бул. Бизде кайсы автожолдо жыгач салынган», — деди ал.