
Бүгүн, 2-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи башталды.
Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылып жатат.