30-август күнү Эгемендүүлүк майрамына карата Нарын облустук ички иштер башкармылыгынын жыйындар залында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков, ардагерлер кеңешинин төрагасы К.Кыдыкбаевдин катышуусу менен “Офицердин жубайы” медалы милиция кызматкерлеринин жана ардагерлердин жубайларына тапшырылды.
Өз сөзүндө “Офицердин жубайы болуу ары түйшүктүү, ары сыймыктуу экени бардыгыбызга маалым. Ар бир майрам алдында уюштурулуп келген бул саамалык эгемендүүлүк майрамына туш келди. Сиздерге бул медаль чындыгында аздык кылат, милициянын жубайы бул тиреги, үмүтү жана ишеничи экендигин баса белгилеп сыйлык ээлерин жылуу куттуктап, үй-бүлөлүк бакыт каалап өттү”- А.Жумабеков.
Ошондой эле майрамга утурлай ардагерлер Нарын ОИИБдин ардагери Асанов Кубанычбек атабызбын 70 жаш кутман курагы менен куттуктап ИИМдин “Кыргыз милициясына 95 жыл” жана Желдеңбаева Сыягүл апага Баткен согушунун “Эне даңк” медалдарын тапшырышты
Сыйлык ээлери өз учурунда ыраазычылык билдиришип, жетекчиликке, ардагерлерге жана өздүк курамдын иштернине ийгилик каалап өтүштү.
Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы