Токтайым Уметалиева “Даңк” медалы менен сыйланды

Коомдук ишмер Токтайым Уметалиева “Даңк” медалы менен сыйланды. Тиешелүү Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров Кыргызстандын социалдык-экономикалык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Токтайым Уметалиева коомдук жана укук коргоочулук иштерден тышкары агартуучулук менен алектенип, 2000-жылдан тарта балдар жана өспүрүмдөр үчүн “Айданек” гезитин чыгарып келүүдө.

Уметалиева бир нече жолу президенттик шайлоого катышкан.