Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын программасы

Эртең, 31-августта Чүйдүн Чуңкурчак жайлоосунда Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-чаранын программасын жарыялады:

  • Саат 10:00 – 10:20 — Кыргызстандын көз карандысыздыгына карата мамлекеттик тууну көтөрүү аземи;
  • Саат 10:30 – 10:55 — “этно-базардын”, “кыргыз айылынын”, “ынтымак” республикалык кароо-сынагынын жана “улуттук спорт оюндарынын” ачылыш аземи;
  • Саат 11:00 – 11:50 — эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын ачылыш аземи;
  • Саат 11:50 – 12:20 — эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын концерттик программасы;
  • Саат 12:20 – 12:50 — алыс аралыка чабылган аттардын келиши, байгелерди тапшыруу аземи;
  • Саат 12:30 – 16:30 — “ынтымак” республикалык кароо-сынактары: “кыргыз боз үйүнүн жалпы жасалгаланышы”, “күлазык”, “улуттук тамак-аштар”, “элдик кол өнөрчүлүк”, “көркөм сүрөт өнөрү” (кыргыз айылында улантылат);
  • Саат 12:30 – 17:00 — “салбуурун”, “күрөш”, “ордо”, “аркан тартыш”, “таяк тартыш” жана башка улуттук оюндар;
  • Саат 12:30 – 13:15 — К.Орозов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин концерттик программасы;
  • Саат 13:20 – 14:30 — ат оюндары: “кыз куумай”, “эр эңиш”, “эр сайыш”, “тыйын эңмей”, “ат үстүндөгү шамдагай жигиттер”;
  • Саат 14:30 – 16:30 — “ынтымак” республикалык кароо-сынактары: “улуттук салттуу ырлар”, “улуттук ырлар”, “улуттук кийим-кечелер”;
  • Саат 15:00-16:00 — “ынтымак” республикалык кароо-сынагы: “боз үйдү тез тигүү”;
  • Саат 17:00 – 19:30 — Эгемендүүлүк күнүнө жана Байтик баатырдын 200 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чаранын жабылышы.

Иш-чара “Ынтымак” республикалык кароо-сынактарынын номинациялары боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи жана гала концерт менен жыйынтыкталат.