ИИМ: Алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жерин аныкташып, кармашты.

WhatsApp Image 2022 08 30 at 13.21.59 ИИМ: Алдамчылык аракеттери үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.


Алдамчылык жөнүндө кылмыш ишинин алкагында Октябрь районунун сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун жашоочусу К. С. карата издөө жарыяланган. Ушуга байланыштуу, ички иштер органдары тарабынан издөөдө жүргөн жарандын кайда экендигин аныктоо жана аны кармоо боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жогоруда көрсөтүлгөн жаран бир нече жолу соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнү кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн.