Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында саптык кароо болду

Бүгүн, 29-август күнү Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги А.Жумабековдун катышуусу менен саптык кароо өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.22.40 Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында саптык кароо болду

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын ИИМнин жана Нарын ОИИБнин буйруктары окулуп, майрамдык иш-чараларда коомдук коопсуздукту, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тапшырмалар берилип, милдеттенмелер коюлду.

Өз сөзүндө Алмазбек Жумабек 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүн 31 жылдыгы менен өздүк курамды куттуктап,бул улуу күн Кыргыз элинин азаттыкты сүйгөндүгүн, эркиндикти баалагандыгын, көз карандысыздыкты бийик тутаарын жана айкөлдүгүн даңазалап келгендигин баса белгилеп,өлкөбүздө өнүгүү болуп, жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак,биримдик болуусун каалап өттү.
Майрамдык иш-чарага карата өздүк курамга саптык кароо өткөрүлүп, кызматтык автоунаалардын техникалык абалдары текшерилди.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.22.41 Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында саптык кароо болду

Белгилей кетсек майрам күндөрү 500 гө жакын милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

WhatsApp Image 2022 08 29 at 09.22.41 1 Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында саптык кароо болду

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы