Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-августта, Кыргызстанда төрөлүп өскөн, профессионал боксчу, Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол жана анын жеке машыктыруучусу – РСФСРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Геннадий Машьянов менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

dos 7075 Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту

Мамлекет башчысы Дмитрий Бивол менен учурашып, аны WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону наамын ийгиликтүү коргошу менен куттуктады.

“Биз сенин карьераңды жакындан байкап турабыз, өзгөчө азыркы замандын эң күчтүү мушкери Сауль Альвареске каршы акыркы беттешиңди белгилегим келет. Бул жеңиш сенин деңгээлиңден жана даярдык даражаңдан кабар берет. Дагы бир жолу чемпиондук наамыңды коргошуң менен куттуктайм. Сен анча чоң эмес шаардан – Токмоктон чыккан жөнөкөй жигит дүйнөлүк спорттук аренада ийгиликке жете аларын далилдедиң”, — деген Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун жеңиши бардык кыргызстандыктарды сыймыктандырганын белгиледи.

dos 6880 Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту

Ошону менен бирге Президент машыктыруучулар курамынын, негизинен чыныгы дүйнө чемпиондорун тарбиялай алган Геннадий Машьяновдун чоң ролун да белгиледи

“Мен спортчулардын ар бир ийгиликтүү таймашын жана машыктыруучулардын эмгегин жогору баалайм. Силердин ийгилик, силердин ата мекендик спорттун өнүгүшүнө кошкон салымыңар – бул спорт менен машыгууну каалаган жаштарга үлгү болуу. Биздин мамлекет ар дайым бул багытты колдоого даяр”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан дене тарбия жана спортту, анын ичинде Дмитрий Бивол сыяктуу чемпиондорду тарбияло үчүн боксту да өнүктүрүүгө чоң көңүл буруусун уланта берерин кошумчалады.

Өз кезегинде Дмитрий Бивол Мамлекет башчысына жолугушуу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде кыргыз мушкерлери менен бирге машыгуулардан алган таасирлерине токтолуп, бул жер машыгуу үчүн эң сонун экенин белгиледи.

dos 7053 Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту

Баарлашуунун жүрүшүндө мушкер Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө болгон көз карашы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаш спортчуларын даярдоого зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Соңунда Президент Садыр Жапаров Дмитрий Биволдун мындан аркы беттештерине ийгилик каалап, ага жана машыктыруучусуна эстеликке белектерди тапшырды. Ошондой эле Дмитрий Бивол Мамлекет башчысына футболка жана символикалык мээлейди тапшырды.

dos 6871 Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту

Кошумчалай кетсек, Дмитрий Бивол Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 2002-жылы үй бүлөсү менен Санкт-Петербургга (Россия) көчүп кеткен. Профессионалдык карьерасын 2014-жылы баштаган. 20 жеңишке жетип, анын 11ин нокаут менен аяктаган. Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери. WBA версиясы боюнча дүйнө чемпиону курунун ээси.

dos 6872 Садыр Жапаров Россиянын эл аралык класстагы спорт чебери Дмитрий Бивол менен жолугушту