Оштогу абактагы каза болгон жаран жүрөгү ооруп жатканын айткан

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка айыпталып отурган 33 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-август күнү саат 16:30дар чамасында биринчи режимдик имараттын №25 камерасында отургандар эшикти каккылап медицина кызматкерлерин чакырууну суранып, камералашы эс-учун жоготкондугун билдиришкен. Ыкчам келген кызматкерлер камеранын ичинен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен айыпталган, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1989-жылы туулган КР жараны З.М.С.ны эс-учун жоготкон абалда табышкан.

Ал убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына 22-августта которулган. Ошол учурда ал жүрөгү ооруп жатканын айткан.

«Алдын ала маалыматтарга караганда, З.М.С. каза болушунун себеби курч жүрөк кемтиги. Маркумдун сөөгү саат 18.30да экспертизага өлүкканага жеткирилип, эртеси, 25-августта саат 12.30да туугандары алып кетишкен»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факт боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.