Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды

Экс-депутат Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени аныкталды. Маалыматты УКМКдан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Рыскелди Момбеков 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун жасалма дипломун пайдаланып, К.Дикамбаев атындагы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын “Эл аралык мамиле” багыты боюнча окуусун аяктаган.

Аныкталгандай, Кыргыз улуттук университетинен Рыскелди Момбековдун наамына белгиленген диплом 2003-жылы берилген эмес. Буга байланыштуу Дипломатиялык академиянын диплому жокко чыгарылган.