Акылбек Жапаров эмгек мигранттарынын маселесин көтөрдү

Чолпон-Ата шаарында өткөн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйынында Акылбек Жапаров эмгек мигранттарынын маселесин көтөрдү.

Ал белгилегендей, ЕАЭБ алкагында эмгек мигранттарына тиешелүү шарттар түзүлүшү керек.

«Эмгек ресурстары биздин экономикаларыбызда чоң мааниге ээ. Ага байланыштуу биздин өлкөлөргө иштөөгө келген жарандарыбызга болушунча жакшы шарттарды түзүшүбүз зарыл, анын ичинде каттоого туруу процедурасын жеңилдетүү керек.

Биздин жарандар ишке орношууга бирдей мүмкүнчүлүккө ээ. Бирок бир катар жеңилдиктер болгону менен ишке аша элек мүмкүнчүлүктөр болуп келүүдө», — деди ал.

Анын айтымында, бюрократия менен кагаз кыскартуу максатында жумушчулардын каттоодон өтүү, медицианлык тейлөө жана камсыздандырууну толук кандуу жеткиликтүү кылуу үчүн санарип технологияларды киргизүү зарыл.

«Биримдикке мүчө мамлекеттер эмгек рыногундагы жеңилдиктерди жана пайданы толук кандуу алуу үчүн жумушчулардын иши үчүн керектүү шарттарды түзүү зарыл. Ошол эле учурда эмгек миграциясы боюнча жаңы улуттук актыларда биримдик тууралуу бардык жоболор эске алынып, биримдиктин эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү максаттарына жетүүсүнө кыйынчылык жаратпашы зарыл», — деди ал.