Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусунда жол кырсыкта жаракат алгандардан кабар алды

2022-жылдын 25-августунда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусунун губернатору Алексей Русских менен биргеликте жол кырсыгынын кесепетинен жабыркаган кыргызстандыктарды көрүү үчүн Чучкалов атындагы Ульяновск областтык медициналык жардамдын адистештирилген түрлөрүнүн клиникалык борборуна барды.

КР ТИМден кабарлашкандай, анын жүрүшүндө жооптуу дарыгерлер элчиге мекендештерди дарылоонун жүрүшү тууралуу кеңири маалымат берип, бейтаптардын абалынын оң динамикасын жана алардын айыгып кетиши боюнча жагымдуу божомолдорду белгилешти.

«Элчи жабыркаган жарандар менен сүйлөшүп, алардын ар бирине Кыргызстандын президентинин фондунан бөлүнгөн 300 миң сом өлчөмүндө акча каражатын тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

ТИМден кошумчалашкандай, каза болгондордун жакындарына убактылуу турак-жай бөлүп берүү маселеси да оң жагына чечилди.

Элчилик жарандарга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү маселесин көзөмөлдөп турат.

Белгилей кетсек, 21-августта Россиянын Ульяновск облусунда 14 кыргызстандыктын өмүрүн алган үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Андан тышкары, Кыргызстандын үч жараны жараат алып, ооруканага түшкөн. Учурда экөө жалпы палата которулса, бирөө реанимацияда жатат.