Бүгүн Ысык-Көлдө «Келечек» жаштар форуму башталат

Чолпон-Ата шаарында 25-26-август күндөрү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин жана Евразиялык экономикалык биримдиктин «Келечек» жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Ага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Азербайжан, Өзбекстан, Беларусь жана Армениядан келген мамлекеттик кызматкерлер, жаш ишкерлер менен дипломаттар, студенттер, жалпысынан 250дөн ашык киши катышат.

Форумга Кыргызстандын маданият министри Азамат Жаманкулов катышып, сөз сүйлөйт.