Ысык-Көлдө быйыл биринчи класска бара турган балдарга милиция кызматкерлери окуу куралдарын тапшырды

Жаңы окуу жылынын башталышынын алдында салтка айланган «Мектепке жол» кайрымдуулук акциясынын алкагында, Ысык-Көл РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн келечектеги мектеп окуучуларына жаңы окуу куралдарын тапшырышты.


Биринчи класстын окуучуларын мектепке чогултуу кайрымдуулук акциясы жакшы салтка айланды. Көп жылдардан бери Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынын милиция кызматкерлери да бул жакшы жышаандан четте калбай келе жатышат. Жыл сайын бул иш-чаранын алкагында райондук милициянын балдар иштери боюнча инспекторлору жана ардагерлери үй-бүлөлөрү убактылуу турмуштук оор кырдаалда туш болгон балдарды жаңы окуу жылына чогултууга жардам беришүүдө.
Жаңы окуу жылынын алдында Ысык-Көл РИИБдин милиция кызматкерлери жана ардагерлери Ананьево айылындагы жети балага окуу куралдарын тапшырышты.


Мектеп окуучуларынын белектери окууга бардык керектүү окуу куралдары менен жабдылган. Белектерди тапшырган милициянын ардагери Темирбек Мендегулов балдарды келе жаткан Билим күнү менен куттуктап, мектептен жакшы гана бааларды алууларына тилектештигин билдирди.
Балдар белектерди абдан кубануу менен кабыл алышып, жакшы окууга убада беришти.
Мындай иш-чаралар Ысык-Көл облусунун бардык аймагында өткөрүлмөкчү.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 08 25 at 07.35.04 3 Ысык-Көлдө быйыл биринчи класска бара турган балдарга милиция кызматкерлери окуу куралдарын тапшырды
WhatsApp Image 2022 08 25 at 07.35.04 2 Ысык-Көлдө быйыл биринчи класска бара турган балдарга милиция кызматкерлери окуу куралдарын тапшырды