ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте борбор калаанын аймагынан өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лабораторияны аныкташты.
2022-жылдын 1-июнунда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Лев Толстой жана Султан Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинен жаран З.Э. кармалган. Кармалган жарандын барсеткасынан 95 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражат табылган.

WhatsApp Image 2022 08 24 at 13.30.59 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды


Андан аркы ыкчам-тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда З.Э. аттуу жарандын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, бөлмөлөрдүн биринде баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталып, химиялык каражаттар жана синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү үчүн жабдыктар (суюктук, тараза, идиштер, респиратор жана башкалар) табылган.
Андан сырткары, кармалган жаран буга чейин 347 грамм болгон «Альфа-ПВП» психотроптук каражатты катып койгон көмүскө жайды көрсөтүп берген.


Табылып алынган «Альфа-ПВП» психотроптук каражаттын жалпы салмагы 471 граммды түзүп, ал 1500000 сомдон ашык суммага бааланган. Ошондой эле, өзгөчө кескин жыты бар күрөң түстөгү каражат салынган 6 канитср табылды.
Экспертизанын корутундусуна ылайык, 2 канистрде суюктук түрүндөгү «Альфа-ПВП» психотроптук каражаты, ал эми 4 канистрде аларды даярдоо үчүн заттар болгон.
Азыркы учурда бул кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча атайын тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 08 24 at 13.31.01 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды
WhatsApp Image 2022 08 24 at 13.31.02 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды
WhatsApp Image 2022 08 24 at 13.31.00 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө синтетикалык баңгизаттарды өндүргөн лаборатория аныкталды

YouTube video