Шавкат Мирзиеев жана Касым-Жомарт Токаев көңүл айтуу телеграммаларын жолдоду

Россиянын Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 14 кыргыз жаранынын каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев көңүл айтуу телеграммаларын жолдоду.

Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын элине жана президентине көңүл айтуу менен каза болгондордун жакындарына колдоо сөздөрүн айтып, жаракат алган адамдарга сакайып кетүүсүн каалаган.

Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын элине, өлкө башчысына жана каза тапкан жарандардын туугандары менен жакындарына көңүл айтуусун жолдогон.

Белгилей кетсек, 21-августта Ульяносвкиде жол кырсыгы катталып, анда он төрт кыргыз жараны мерт кеткен.