Роза Отунбаева бүгүн 72 жашка толду

Бүгүн коомдук жана мамлекеттик ишмер, КР экс-президенти Роза Отунбаеванын туулган күнү. Борбор Азиядан чыккан алгачкы президент айым бүгүн 72 жашка толду.

Отунбаева Роза Исаковна 1950-жылы 23-августта Ош шаарында туулган. Отунбаева кызматын өзүнөн кийин шайланган президент Алмазбек Атамбаевге тынч, мыйзамдуу жол менен өткөргөн соң коомдук ишмердигин улантып келет.

Ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондусун түптөгөн.