Чаткал районунда 48 жаштагы эркек киши сууга агып каза болду

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында Терек-Сай суусунда 1974-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 4 куткаруучу тартылган. Жарандын жансыз денесин суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен