Ошто куткаруучулар каналдан 53 жаштагы эркектин сөөгүн табышты

Ош шаарында куткаруучулар суудан 53 жаштагы эркектин сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-август күнү саат 19:20 чамасында 1969-жылы туулган Ж.А. аттуу эркек киши Южный каналына чөгүп кеткен.

«21-августта жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 10 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 20 кызматкер жана туугандарынан 4 адам тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 12:16да куткаруучулар тарабынан сөөгү табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.