Элчи Идрис Кадыркулов Украина президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов Украина президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Украина президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка караганда, ишеним грамоталарын тапшыруу аземи 17-август күнү «София Киев» улуттук коругунда болуп өттү.

Украина президенти Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркуловду кабыл алып, сүйлөшүү өткөрдү. Зеленский Украина менен Кыргызстандын өз ара пайдалуу кызматташтыгын толук форматтуу калыбына келтирүү жана жогорку деңгээлдеги саясий диалогду активдештирүү ниетин билдирген.

c3aa2241992c0ecfbb6c6ab85ea08f58 1660750107 extra large 825x452 1 Элчи Идрис Кадыркулов Украина президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамотасын тапшырды