Аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран кармалды

Сокулук районунда аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

416129 1 Аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран кармалды

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү 1989-жылы туулган А.Н. Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда кармалган.

«Жабырлануучунун арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды»,-деп айтылат маалыматта.