Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара тургандардын тизмеси жарыяланды

Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган Кыргызстандын көк бөрү командасынын курамы аныкталды. Бул туурасында Көк бөрү федерациясы маалымады.

Маалыматка ылайык, көк бөрү жана көкпар боюнча эки команда түзүлгөн.

Көк бөрү боюнча команданын курамы:

1.Марлис Койгелдиев;
2.Нооруз Раатбек улуу;
3.Нурдин Болотбеков;
4.Таши Майлыбашев;
5.Акбар Иманбеков;
6.Дастан Сагынбек уулу;
7.Рустам Тыналиев;
8.Сейитбек Анарбек уулу;
9.Аудасбек Мырзабек уулу;
10.Манас Ниязов;
11.Нуржан Мелисбек уулу;
12.Майрамбек Рыспеков.

Команданы Аскат Искендеров жетектеп барат, Нурлан Мамбетов башкы машыктыруучу, Урмат Мусаев улакчыларды даярдайт.

Көкпар боюнча команданын курамы:

1.Нурбек Юсупов;
2.Эрлан Төлөбеков;
3.Улан Насакеев;
4.Элдияр Шахтарбек уулу;
5.Өмүрбек Эсен уулу;
6.Эмирлан Жеңишбеков;
7.Бекназар Аматов;
8.Эрсултан Айдаркан уулу;
9.Кубаныч Султан уулу;
10.Кыяз Ниязов;
11.Белек Мукаев;
12.Аскат Аскаров.

Команданы Мыктыбек Туташов жетектейт. Ал эми Тилек Урманбетов башкы машыктыруучу, Максат Кайдыбаев машыктыруучу болуп бекитилди.

Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Түркиянын Бурса провинциясынын Изник шаарында өтөт.