Денис Петрашов улуттук кураманын капчыгына үчүнчү медал алып келди

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында улуттук кураманын капчыгына үчүнчү медалын алып келди.

Суучул бүгүн брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө алтын медаль утту. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс боюнча 50 жана 200 метр аралыкта коло медалдардын ээси болгон.