ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизаты менен чет өлкөлүк жаран кармалды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» баңгизат каражатын сатып жаткан жеринен чет өлкөлүк жараны кармалды.

whatsapp image 2022 08 17 at 09 51 51 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизаты менен чет өлкөлүк жаран кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери Иранда өндүрүлгөн ири өлчөмдө бангизат каражаттардын туруктуу транзит каналын тапканга жана бөгөт коюуга багытталган атайын операциясын ийгиликтүү өткөрүштү.
Аталган баңги топтун баңгизат каражаттарды жеткирүү маршруту Иран Ислам Республикасынан башталып андан ары Афганистан Ислам Республикасынан, Тажикстан Республикасынан өтүп Кыргыз Республикасына жеткирилген.


2022-жылдын 8-августунда Бишкек шаарынын Ш.Руставели көчөсүндө, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки козголгон өндүрүштүн алкагында атайын-тергөө иш-чараларды өткөрүү учурунда БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө «метамфетамин» ба ңгизат каражаты алынган, тактап айтканда кристалдашталган ак түстөгү 20 брикет.
Алынган «метамфетамин» баңгизат каражаттын жалпы салмагы 10 кг түзгөн. Алынган каражаттын “черный рыноктогу” 1 граммдын баасы 4500 сомду түзөт. Алынган жалпы баңгизат каражаттын суммасы 45 млн. сомду, ал эми КРнын Улуттук банкынын курсу боюнча 500 миң. доллардан ашык түзөт.
Бул факт боюнча Иран Ислам Республикасынын Урмия шаарынын тургуну «F.K.D.» кармалган.
Азыркы учурда козголгон сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ушул кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары өткөрүлүп жатат.

WhatsApp Image 2022 08 17 at 07.36.44 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизаты менен чет өлкөлүк жаран кармалды
ИИМдин Басма сөз кызматы
WhatsApp Image 2022 08 17 at 07.36.43 ИИМ: Өзгөчө ири өлчөмдө метамфетамин баңгизаты менен чет өлкөлүк жаран кармалды
YouTube video