Дүкөндүн кампасын талкалап, 150 миң сом материалдык чыгым келтирген жаран кармалды

27-июль күнү  Жети-Өгүз РИИБне арыз менен  Тосор айылынын Ж. К. аттуу тургуну кайрылган. Арызында,  26-июль түнү Тосор айылындагы жайгашкан “Ракымжан” дүкөнүнүн кампасынын  эшигин белгисиз адамдар талкалап кирип,  кассадагы пакетке салынган майда тыйындарды,  витринадагы тамекилерди  жана  видеокөзөмөлдөөнүн  процессорун жулуп,  уурдап кетишкендигин билдирген.  Натыйжада жабырлануучуга 150 миң сом материалдык чыгым келтирилген.

Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси менен  кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, Жети-Өгүз  райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал Каракол шаарынын 34 жаштагы тургуну. Э.Э.  болуп чыкты.

Кылмышка шектүү катары кармалган жарандын айтымында, уурдалган тамекилерди Бишкек шаарына алып барып сатып, акча каражаттарын өз кызыкчылыгына пайдаланган жана дүкөндүн ичиндеги видеокөзөмөлдүн процессорун Боом капчыгайында агып жаткан дарыяга ыргытып салган.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жүрүшүндө, ал Ысык-Көл облусунун  аймагында дагы 13 уурдоо фактысына тиешеси бар экендиги аныкталып,  алар боюнча күнөсүн толук мойнуна алган.

Райондук  соттун чечими менен тергөөнүн жүрүшүндө үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.