«Азия Молл» соода борборунда жарандар тышка чыгарылып, имарат курчоого алынды

Бишкектеги «Азия Молл» соода борборунда жарандар тышка чыгарылып, имарат курчоого алынды. Бул тууралуу күбөлөр кабарлады.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 11-август саат 13:56 чамасында милицияга соода түйүндө жарылуучу зат коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

«Айтылган дарекке ыкчам топ жөнөтүлдү. Имарат курчоого алынып, тиешелүү адистер иштеп жатышат»,-деп айтылат маалыматта.