Эс алуу учурунда жоголгон кичинекей кыздар аман-эсен табылды

Ысык-Көлдө эс алуу учурунда жоголгон кичинекей кыздар аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ысык-Кѳл облусундагы «Кыргызское взморье» эс алуучу жайда жоголгон 5 жаштагы кыздын ата-энеси милиция кызматкерлерине жардам сурап кайрылышкан. Ошол замат ИИМдин Атайын багыттагы полкунун 1-батальонунун кызматкерлери милициянын сержанты К.Эсенкожоев жана милициянын кенже сержанты М.Майрамбеков эс алуу жайынын айланасынан издешип, кечки саат 21:15 чамасында кызды таап, аман-эсен ата-энесине ѳткѳрүп беришкен.

Ушундай эле кѳрүнүш «Көгүлтүр Ысык-Кѳл» эс алуу жайында да орун алган. Анда 10 жаштагы эгиз кыздар жоголуп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.  Полктун 1-батальонунун кызматкерлери, милициянын прапорщиги Н.Кулданбаев, милициянын старшинасы Э.Эркебаев, улук сержант Б.Тагылыков жана кенже сержант О.Баратов издѳѳ иштерин жүргүзүп, табылган эгиз кыздарды туугандарына ѳткѳрүп беришкен.

Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздап жаткан полктун кызматкерлерине кыздардын ата-энеси жана туугандары терең ыраазычылыктарын билдиришти.

c6e86136 e335 413f 9da9 9a7f27aef0a8 Эс алуу учурунда жоголгон кичинекей кыздар аман-эсен табылды