Бишкек шаарындагы «Таатан» соода борборунун аймагынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Лермонтов №35 дарегинде жайгашкан «Таатан» соода борборунун аймагынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм тартылган.
Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, «Тез жардам» кызматынан 1 бригада тартылган.